08:50, 06 декабря 2017, 24.kg

Жогорку сот 8 өлкө жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салды

АКШнын Жогорку соту Трамптын мусулмандар басымдуулук кылган сегиз өлкөнүн жарандарынын Америкага кирүүсүнө тыюу салган жарлыгын колдоду.

Мындан ары Ливия, Сирия, Иран, Йемен, Сомали, Чад, Түндүк Корея жана Венесуэланын белгилүү бир топтогу жарандары үй-бүлөлүк, ишкерлик байланыштарына карабай, же америкалык окуу жайларга тапшыруу үчүн АКШга кире алышпайт. Ошол эле маалда айрым өлкөнүн белгилүү бир категориядагы жарандары кошумча текшерүүдөн өткөн соң виза алышы ыктымал.

Трамптын администрациясы мындай чараны аталган өлкөлөрдө жайылган терроризм коркунучу менен түшүндүрүүдө. Бул жолу жарлык кандайдыр бир убакыт менен чектелбейт жана документ бул өлкөлөрдүн АКШда жашаган туугандарына дагы тиешелүү. Жарлыктын мурдагы вариантында бул кишилер үчүн чектөөлөр каралган эмес. Документке каршы чыккандар мындай жол менен Трамп адамдарды диний белгилери менен бөлүп-жарууда деп эсептешүүдө.

Администрациянын өкүлдөрү Жогорку соттун мындай күтүүсүз чечимин кубатташты.

Бирок бул Жогорку соттун убактылуу чечими. Президенттин жарлыгынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча федералдык жана апелляциялык соттук иликтөөлөр бүткөн соң иш кайра каралышы ыктымал. Бир нече штаттар жана укук коргоо уюмдары жарлыкты мыйзамсыз деп эсептелет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18