10:53, 05 декабря 2017, 24.kg

Мигранттардан акчалай которуулар 25 пайызга көбөйдү

Мигранттардан акчалай которуулар 25 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди.

Алардын айтымында, 2016-жылы чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар мекенине 1,99 миллиард доллар которушкан. Бул ИДӨнүн 35 пайызына барабар. 2017-жылдын тогуз айында 1,8 миллиард доллар, же 25 пайызга көп акча жөнөтүшкөн.

«Бул акча үй-бүлөсүн камсыздоого гана жумшалган жок. Мигранттардын акчасы курулуш тармагын жана башка чакан бизнести өнүктүрүүгө салым кошууда. Мисалы, бир мекендешибиз Швейцарияда медицина тармагында иштеп келип, Баткенде азыр чакан клиника ачып иштетип жатат», — деди ал.

Расмий маалымат боюнча Россияда 800 миң мигрант, Казакстанда 35 миң, Түркияда 30 миң, Түштүк Кореяда 14 миң, АКШда 20 миң кыргызстандык иштейт.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18