17:20, 04 декабря 2017, 24.kg

Он эки жашар баласынын өлүмүнө шектелген ата бир айга камалды

Он эки жашар баласынын өлүмүнө шектелген ата бир айга камалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, шектүүнүн кызы жана достору баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартууда. Алар эми бала эч качан атасынан токмок жебегендигин, ал ошол күнү мектептен эле көкала болуп, таяк жеп келгенин айтышууда.

Эскерте кетсек, 29-ноябрь күнү «Тез жардам» кызматы Ош шаарындагы үйлөрдүн бирине чакырык менен барып, өз бөлмөсүндө керебетте жаткан баланын өлүмүн ырасташкан. 6-класстын окуучусунун денесинде тактар байкалган.

Баланын 13 жашар эжеси жана достору атасы буга чейин баласын бир топ жолу сабагандыгын айтышкан. Алардын көрсөтмөсүнүн негизинде атасы кармалган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18