12:10, 04 декабря 2017, 24.kg

Атасынан тепки жеген эки жарым жашар бала үй-бүлөнүн жалгыз уулу

Атасы тепкилеген эки жарым жашар бала үй-бүлөнүн жалгыз уулу. Анын аты Элхан.

«Элхан менен атасы саат 15-16.00 да тышка чыгып, басып келишкен. Эки сааттан кийин мен видеону интернеттен көрдүм» — дейт баланын апасы Асел Эржанова.

Анын айтымында, Бариер Адиев буга чейин баласына кол көтөргөн эмес. Анткен менен апасы Бариев Адиевди аталык укугунан ажыратууну суранат.

Буга чейин Асел Эржанова жолдошуна каршы арыз жазуудан баш тартканы айтылган.

Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Facebook баракчасында көчөдө тайылып жыгылып, туралбай жаткан кичинекей баланы ичине буту менен тээп, жулкуп тургузган киши тартылган видео таркаган. Ал Бишкек шаарынын «Улан-2» кичи районунда тартылганы жазылган.
 

Ал баланын өз атасы Бариер Адиев экендиги ырасталып, камакка алынды. Ал Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Бариер Адиевди иштен бошотуу убадасын берди.

 
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18