10:35, 04 декабря 2017, 24.kg

Түркмөнстанда ун тартыштыгы жаралды

Түркмөнстандын бир нече аймактарында ун тартыштыгы байкалууда. Мары жана Ахал облустарында ундун наркы эки эседен ашык жогорулады.

Орто эсеп менен бир кап ун 50 манат турса, (14 доллардын тегереги), азыр 100 манаттан ашты. Айрым дүкөндөрдө ун такыр эле жок.

Мары облусундагы өз булак билдиргендей, Мары менен Түркмөнабад ортосунда жүргүнчү ташыган таксисттер эми ун ташуу менен алектенип жатышат.

Тартыштык борбор калаада дагы байкалууда. Учурда мамлекеттик "Түркменбакалея" дүкөн түйүндөрүндө чет өлкөдө өндүрүлгөн ундар сатылбай калды. Мындан тышкары жергиликтүү тегирмендерден чыккан ун дагы тартыш.

Ашхабаддын мамлекеттик дүкөндөрүнүн кызматкерлери айрыкча жогорку сорттогу ундардын аз болуп жатканын товарга болгон суроо-талаптын көптүгү менен түшүндүрүшүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18