10:23, 04 декабря 2017, 24.kg

Эки жарым жашар баласын ичке тепкен кишинин аялы арыз жазуудан баш тартууда

Эки жарым жашар баласын ичке тепкен кишинин аялы арыз жазуудан баш тартууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматында, баланын апасы 40 жашта. Ал кечээ милицияга келип, күйөөсүн бошотууну суранган

Баланын атасы Бариер Адиев азырынча абакта. Бүгүн анын баш коргоо чарасын сот карап чыгат.

Бала азыр медициналык кароодон өтүп жатат. Балдардын укугун коргоо борборлору ага жардам көрсөтүүгө даяр.

Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Facebook баракчасында көчөдө тайылып жыгылып, туралбай жаткан кичинекей баланы ичине буту менен тээп тургузган киши тартылган видео таркаган. Ал Бишкек шаарынын «Улан-2» кичи районунда тартылганы жазылган.

Ал баланын өз атасы Бариер Адиев экендиги ырасталып, камакка алынды. Анын Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштери такталды. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Бариэр Адиевди иштен бошотуу убадасын берди. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18