16:30, 30 ноября 2017, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев тил табышты

Минск шаарында ЖККУнун саммитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чек арасын талкуулашты.

Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсүндө, эки президент бир бүтүмгө келди.

«Эки өлкөнүн өкмөтү жол картасын жаңы жылга чейин кайра карап чыгышат. Ошондо бир топ маселелер чечилет. Анткени, ал чечиле турган эле маселелер. Жол картасына кол коюлгандан кийин чек ара ачылат», —деди президент. Бирок, чек ара ага чейин эле ачыла турган болду. 

Ал эми кытай реэкспортун көзөмөлдөө үчүн Кыргызстан жана Казакстан тарапта тең текшерүү жүрүп турат. Андан тышкары, ЕАЭБтин үч өкүлү кыргыз-казак чек арасында күзөттө турушат.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий сапары менен келүүгө чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18