16:15, 30 ноября 2017, 24.kg

Чубак ажы Жалилов: Мен депутаттардын дагы экинчи никесин кыйганмын

Чубак ажы Жалилов бир топ аттуу-баштуу эл башкарган инсандардын, депутаттардын никесин кыйгандыгын kabarlar.org сайтына берген маегинде ачыктады.

Мурдакы муфтий кош нике менен жашаган белгилүү саясатчылардын атын атоого даярдыгын билдирди.

«Бирок, алар өздөрү жашырып жатпайбы. Мүмкүн алар өздөрүнүн ээлеген ордунан улам коомдук пикирден коркушат», — деди ал.

Андан тышкары Чубак ажы Жалилов анын байбичеси үчүн тынчсызданып жаткандарга жооп берди.

«Менин байбичем Меккеде жашаган, ал жоолук салынган аялдардын ичинен да өзгөчө. Биздин үйдөгү абал силер ойлогондой эмес» — деди ажы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18