15:11, 30 ноября 2017, 24.kg

Аскер кызматын өтөгөндөр үчүн ЖРТнын жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот

Аскер кызматын өтөгөндөр үчүн ЖРТнын жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот. Бул боюнча мыйзам долбоор бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Абдувахап Нурбаев жана Жанар Акаев.

Демилгечилердин айтымында, жарандар аскердик милдетин өтөп бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларына тапшырууда кыйынчылыктарга туш болууда. Жогорку окуу жайларга тапшырууда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми анын жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу.

Эми бүтүрүүчүлөр аскер милдетин өтөгөндөн кийин мурда тапшырган тесттин жыйынтыгы менен ЖОЖдорго тапшыра алышат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18