10:36, 30 ноября 2017, 24.kg

Парламент депутаты ИИМге Чубак ажы Жалиловдун үйүн текшерүүнү тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага Чубак ажы Жалиловдун үйүн текшерүүнү тапшырды. Бул боюнча парламенттин бүгүнкү отурумунда айтылды. 

Элвира Сурабалдиева белгилүү диний аалымдын экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирүүсү жоопсуз калып жаткандыгына таң калды.

«Ал үйүнө дагы бир аял алып келгендигин айтып жатат. Конституция боюнча зомбулукка жол берилбейт. Бул жерде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кеп болуп жатат. Биз өзүбүздү укуктук мамлекет дейбиз дагы көп аял алуу тууралуу кеп козголгондо унчукпай калабыз. Эртең бир диний аалым 14 жашар кызга үйлөнүп алса эмне кылабыз» - деди депутат.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын, биринчи аялы таарынып жатканын мойнуна алган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18