09:22, 30 ноября 2017, 24.kg

Казакстан жаштарынын дээрлик 40 пайызы башка өлкөгө кетүүнү каалайт

Казакстандык жаштардын 40 пайызы башка өлкөлөргө кетүүнү каалашат. Бул тууралуу 29-ноябрда «Жаштар» илимий-иликтөө борборунун өкүлдөрү билдиришти. Борбор «Казакстан Жаштары — 2017» баяндамасы үчүн атайын сурамжылоо жүргүзгөн.
Дин иштери жана жарандык коом министрлигине караштуу борбор маалымдагандай, респонденттердин 59 пайызы ашыгы «Мен көчкүм келбейт/Мен Казакстандан кетким келбейт» деп жооп беришкен.

Иликтөө 14төн 29 жашка чейинки кишилерди камтыган. Бул борбордун ишмердүүлүгү үчүн жылына бюджеттен 200 миллион теңге бөлүнөт.

«Жаштар» борборунун башкы эксперти Фарида Мустаеванын айтымында, өлкөдө жаштардын саны азайууда, учурда алардын саны 4 миллионго жакын. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 300 миңге аз.

2017-жылы жаштар арасында 339 өзүн-өзү өлтүрүү учуру катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18