16:52, 29 ноября 2017, 24.kg

Аалымдар кеңеши Чубак ажы чектен чыккан жок дейт

Аалымдар кеңеши Чубак ажыЖалилов чектен чыккан жок дейт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Чубак ажы Жалиловдун экинчи никеси жеке үй-бүлөлүк иши.

«Чубак ажы Жалилов сөзүндө экинчи аял алууга, же башка нерселерге чакырган жок. Ал болгону шариятты түшүндурүп берип жатат. Шариятта материалдык, моралдык жактан мүмкүнчүлүгү бар кишилерге 3-4 аял алууга уруксат берилет» — дейт Марс Ибраев.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов экинчи никесин кыйгандыгын мойнуна алып, башка аялдарга күйөөлөрүнө дагы токол алууга уруксат берүүнү айткан.

Көп аял алууга каршы Кылмыш кодексинин 153-бересинде жаза каралган. Андан көп аял алган эркек эки жылга чейин эркинен ажыратылы айтылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18