14:58, 29 ноября 2017, 24.kg

Европарламент АКШ Борбордук Азияда позициясын жоготуп жаткандыгына тынчсызданат

Европарламент АКШ Борбордук Азияда позициясын жоготуп жаткандыгына тынчсызданат. Бул тууралуу тууралуу Европарламенттин иликтөөчү борборунун отчетунда айтыларын RT жазып чыкты.

Маалыматта, АКШны Борбордук Азиядан Россия сүрүп чыгарууда.

«АКШнын Борбордук Азияда аскердик катышуусунун алсыздашы Ооганстанда аскердик операциялардын азайышына байланыштуу. Бирок, негизги себеби — регионго Россиянын кайтып келиши болуп саналат. Россия Кыргызстанды 2014-жылы АКШ менен авиабаза боюнча келишимди узартпоого көндүрдү. Казакстан, Тажикстан дагы Россиянын аскер өнөктөштөрү», — деп айтылат.

Отчетте АКШ Борбордук Азия өлкөлөрү менен соода алакада дагы Россияга уттуруп коюп жаткандыгы белгиленет.

Европарламенттин талдоочулары Вашингтон аймак менен кызматташуудагы негизги проблемасы катары «өлкөдө кылмышкер катары эсептелген «укук коргоочулар» менен» кызматташтыгын көрсөтөт. Кыргызстан 2015-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго сыйлык тапшыргандан кийин Вашингтон менен келишимди үздү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18