11:38, 28 ноября 2017, 24.kg

Укук коргоочулар эки аялы бар Чубак ажы Жалиловду жоопко тартууну талап кылышат

Укук коргоочулар эки аялы бар Чубак ажы Жалиловду жоопко тартууну талап кылышат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Кылмыш шамы» борборунун директору Азиза Абдрасулова билдирди.

Анын айтымында, мурдакы муфтий мыйзамдарды тебелөө менен бирге, башкаларды дагы кылмышка түртүп жатат. 

«Башкы прокуратура кайрылып, укуктук баа беришин талап кылабыз. Негизинен ишти кароого негиз бар. Анткени, Чубак ажы Жалилов өзү ачык моюнга алып жатат. Андан тышкары, кылмыштуу жашыруу деген да жоопкерчилик бар. Биз баарыбыз Чубак ажынын кылмыш жасаганына күбө болдук. Аны жашырбай укук коргоо органдарына билдиришибиз керек» - дейт Азиза Абдрасулова.

ИИМ эгер арыз түшсө, мурдакы муфтийдин экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирисин карап чыгууга даяр. 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18