11:30, 28 ноября 2017, 24.kg

Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын мойнуна алды

Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын мойнуна алды. Бул тууралуу анын видеосу социалдык тармакта таркады.

Анда мурдакы муфтий экинчи аял алганын мойнуна алып, башкаларды дагы үгүттөйт.

«Ооба, мен экинчи жолу үйлөндүм. Бирок, байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал таарынып жатат. Бирок, таарынганга, кызганга укугу бар. 30 жаштагы баласы бар жесирге үйлөндүм. Бул биздин кыргыздын салтында да бар. Салтты кармап, ата-энем, карындаштарым менен барып, каадасын жасап келдик. Башка аялдарды дагы күйөөлөрүнө экинчи аял алууга уруксат бергиле деп айтам. Биздин кыздар Россия, Түрцияда, Кытайда кордолуп жүрөт. Андан көрө мүмкүнчүлүгү жеткен эркектер үйлөнүп, баксын» — дейт ал.

Көп аял алууга каршы Кылмыш кодексинин 153-бересинде жаза каралган. Андан көп аял алган эркек эки жылга чейин эркинен ажыратылы айтылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18