09:07, 27 ноября 2017, 24.kg

Ташкентте колбаса цехине эшектин этин жеткирген адамдар кармалды

Хорезм облусунан Ташкенттеги «Шаршара» колбаса цехине 69 килограмм эшектин этин жеткирген эки адамга кылмыш иши козголду. Ошондой эле ал этти уйдуку деп каттаган цехтин кызматкерлерине карата дагы тергөө иштери башталды. Бул тууралуу centralasian.org билдирет.

Алардын маалыматында, 21-ноябрда колбаса цехинде рейд болуп, анын жүрүшүндө 69 килограмм эшектин эти колбаса жасоо үчүн камдалган сапатсыз башка эттерге кошулганы аныкталган.

Көрүнүшү жана жыты боюнча сапатсыз көрүнгөн эттин үлгүсү алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында ал адамдын саламаттыгына коркунучтуу эшектин эти деген корутунду чыгарылган. Азырынча цехке буга чейин дагы эшектин эти жеткирилген-жеткирилбегендиги белгисиз.

Өзбекстанда бир эшектин баасы 150-200 миң сумду (18-24 АКШ доллары) түзөт. Анын эти уйдун этинен дээрлик төрт эсе арзан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18