14:45, 24 ноября 2017, 24.kg

Түркия Кыргызстанга «гүленчилерди» кайтаруу талабын жөнөтөт

Түркия дүйнөнүн 22 өлкөсүнө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын кайтарып берүү талабын жөнөтмөкчү. Бул тууралуу Россиянын ЖМКсы Anadolu агенттигине шилтеп жазып чыкты.

Маалыматта, Феттулах Гүлендин оппозициялык кыймылынын мүчөлөрүнүн ишин карап жаткан Анкара шаарынын соту Түркиянын Юстиция министрлигинен 22 өлкөгө 45 жаранды кайтаруу сунушу менен кайрылууну өтүндү.

Соттун кайрылуусунда, АКШда жашаган 15 кишинин ысмы жазылган. Андан тышкары, Улуу Британия, Германия, Бельгия, Норвегия, Нидерланда, Мальта, Албания, Түркмения, Кыргызстан, Казахстан, Өзбекистан, Израиль, Камбоджо, Таиланд, Мадагаскар, Мозамбик, Того, Египет жана Буркина-Фасо бар.

Анкара соту Казакстанга «Имам Балкан» лакап аты менен белгилүү Мустафа Озжан боюнча өзүнчө кайрылуу жолдойт.

Эскерте кетсек, буга чейин КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан Түркияга бир нече түрк жарандарын өткөрүп берген. Кийин Нурсултан Назарбаев калган түрк мугалимдеринин күнөөсү далилденген учурда гана өлкөсүнө күч менен кайтарыларын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18