14:25, 24 ноября 2017, 24.kg

Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилинен сынагы бир жылга артка жылды

Баардык мамлекеттик кызматкерлер 2019-жылга чейин кыргыз тилин үйрөнүүсү зарыл. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Өкмөттүн токтомунда мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилин ортодон өйдө үйрөнүүгө 2021-жылга чейин убакыт берилет. Сынак бир нече этап менен жүрөт:

негизги деңгээл (А2) — 2019-жыл;
орто деңгээл (В1) — 2020-жыл;
ортодон өйдө (В2) — 2021-жыл.

Буга чейин 2018-жылдан тарта баардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырары айтылган. Жаңы токтомго ылайык аткаминерлер 2019-жылдан баштап сынак тапшырат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18