14:16, 24 ноября 2017, 24.kg

Президент Суу кодексине өзгөртүүлөргө кол койду

Бүгүн кызматын тапшырган президент Алмазбек Атамбаев Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мыйзам өлкөдөгү тоо-кен өнөр жайынын мөңгүлөргө тийгизген таасирин тескөө жана стратегиялык мааниге ээ болгон «Кумтөр» ишканасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатын көздөйт.

Кодекс өлкөдөгү 6771 мөңгүнүн ичинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө таасирин тийгизери айтылган.

Өткөн аптада парламент «Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун жактырган. Өкмөттүн бул сунушу коомчулукта ача пикир жаратууда. Жарандык активисттер эгер бул мыйзам иштей баштаса Кыргызстандагы мөңгүлөрдү талкалоого жол ачылат деп кооптонушууда.

Президент Алмазбек Атамбаев демилге менен таанышып жатканын, чечимди бир нече күндө кабыл аларын 20-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18