13:50, 24 ноября 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев: Жээнбеков акжолтой президент болсун

Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековду кызматы менен куттуктады. Бул тууралуу ал бүгүн мамлекеттик резиденцияда өткөн инаугурацияда билдирди.

Алмазбек Атамбаев жаңы президент жакшы эл башчысы болорун дагы бир жолу белгилеп өттү.

«Жээнбеков таза иштейт. Кыргызстанды өнүгүүлөргө алып келерине ишенем» — деди ал.

Атамбаев сөзүнүн соңунда өзү жазган калоо-тилегин окуп, бата берди.

«Жараткан кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта,

Душмандын жалаасынан сакта.
Дос көрүнүп кас болгондон сакта,
Жаныңда жүрүп, өч болгондон сакта.

Соке досум, берекет жаныңдан кетпесин,
Бак-дөөлөт башыңдан кетпесин.
Жорткондо жолуң щыдыр болсун,
Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун.

Жараткан ар дайым сени колдосун, аман бол, бактылуу бол, элибизге ак жолтой ажо бол досум» — деди экс-президент.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 1-декабрда президенттик кызматка киришкен. Быйыл 15-октябрда жаңы шайлоо өтүп, Сооронбай Жээнбеков 54.77 пайыз добуш менен утуп алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18