13:23, 24 ноября 2017, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришти

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришти. Анын инаугурациясы бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Инаугурацияда Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Сооронбай Жээнбековго атайын ал үчүн жасалган төш белги, күбөлүгүн жана штандартын тапшырды.

Инаугурация 450 коноктун жана 100гө жакын ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Жаңы президент алгачкы сөзүндө Алмазбек Атамбаев, КСДП партиясына жана ага ишеним арткандардын баарына ыраазычылык билдирди.

Эки президент Акүйгө келип, ал жерде Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн командооду кабыл алды. Улуттук гвардиянын ардактуу караулу параддан өттү. Андан ары, Атамбаев менен Жээнбеков Акүйдөгү иш бөлмөсүнө бет алышты.

Сооронбай Жээнбеков 54,77 пайыз добуш менен шайлоону утуп алды. Ал 59 жашта, бир уул, бир кыздын атасы. Агасы Жусупбек Шарипов элчи, иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18