09:02, 23 ноября 2017, 24.kg

Атамбаев Икрамжан Илмияновго эмнеге «Манас» орденин ыйгарып жатканын түшүндүрдү

Алмазбек Атамбаев Икрамжан Илмияновго эмнеге «Манас» орденин ыйгарып жатканын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал кечээ мамлекеттик резиденцияда сыйлыктарды тапшыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновдун мамлекеттик сыйлыкты алышы коомчулукта дагы сын пикир жаратышы ыктымал.

«Эми азыр дагы өзүнүн кишилерин сыйлап жатат деп айтып башташат. Мен кантип өзүмдүн вазилеримди сыйлабай коем? Буларга мени менен иштөө оңой болгон жок. Икрамжан Илмиянов — кызматтан баш тарткан жалгыз кыргыз. Ал 18 жашынан бери мени чогуу жүрөт. Ушундай адамдар көп болсун» — деди мамлекет башчысы.

Президенттин коомдук кеңешчиси Фарид Ниязов «Манас» орденин II даражасын, дагы бир кеңешчиси — Икрамжан Илмиянов «Манас» орденинин III даражасын алышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18