11:25, 22 ноября 2017, 24.kg

Казакстанда Кыргызстандын туристтик жайлары тууралуу телеберүү көрсөтүлөт

Kazakh TV каналында Companions («Компаньондор») телеберүүсү эфирге чыгып баштайт. Бул тууралуу Kapital.kz маалымдайт.

Телеберүү Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан жөнүндө болот. Аны Кыргызстандан Белек Тургунов, Казакстандан Карим Кубашев жана Өзбекстандан Ерко Шиналиев алып барат. Алып баруучулардын максаты өз өлкөсүнүн меймандостугун жана кызыктуу жерлерин көрсөтүп берүү.

«Алып баруучулар бири-бирин конокко чакырышат. Алар кызыктуу эс алуу уюштуруу үчүн жакшы жерлерди көрсөтүп, спорттук мелдештерди жана башка иш-чаралар болот» — деп айтылат маалыматта.

Photo 50073

Авторлор телеберүү аркылуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жашоочуларынын окшоштугун белгилөө максатын көздөйт.

Чыгармачыл топ Ысык-Көлдө болушту. Казакстандын Актау жана Атырау аймагын, Өзбекстандын Ташкент, Самарканд жана Бухара шаарларын кыдырмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18