16:58, 21 ноября 2017, 24.kg

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 450 конок чакырылды

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 450 конок чакырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлайт.

Буга чейин чет өлкөдөн коноктор чакырылбастыгы маалымдалган. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтө турган ант берүү аземине башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери катышат.

Андан тышкары, Эл баатырлары, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, парламент депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардан чакырылды.

Инаугурация саат 10до башталып, соңунда артиллериялык залп атылат. Ишке киришкен Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин коштоосунда Акүйгө бет алып, ал жерде аларды Ардак короол тосуп алат.

Иш чараны телеканалдар түз алып көрсөтүшөт. Шаарда айрым жолдор жабылат.

Уюштуруу комитетинин билдирүүсүндө, 8 миллион 404 миң 248 сом чыгымдалат.

Буга чейин Финансы министрлиги инаугурацияга 13 миллион сом каралганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18