15:46, 21 ноября 2017, 24.kg

Аида Салянова: ИИМ маалыматты алгачкы күндөн баштап эле бурмалоодо

ИИМ Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалыматтарды алгачкы күндөн баштап эле бурмалоодо. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жоргорку Кеңештин депутаты Аида Салянова билдирди.

Анын айтымында, эки апта өтсө дагы тергөө ишинде жылыш жок. Анүстүнө ИИМ биринчи күн эле саясый мүдөөнү четке каккандыгын түшүндүрүп бербей жатат.

«Тергөө толук жүрбөй жатат. Айрым фактылар көз жаздымда калууда. Мисалы, мен келгенге чейин эле инимдин баласы кичи жүк ташуучу унаа менен «Прадо» автомобили жакын келгенин көргөндүгүн милицияга айткан. Бирок, аны эч ким издеген жок.», — дейт Аида Салянова.

«Ата-Мекен» фракциясы бул суроону эртең парламенттик отурумга алып чыгат.

Улан Салянова 5-ноябрда өз үйүндө атып өлтүрүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18