10:51, 21 ноября 2017, 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан Унгар-Тоо маселесин чече элек

Кыргызстан менен Өзбекстан Унгар-Тоо маселесин чече элек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Кубатбек Жээнбаев билдирди.

Анын айтымында, чек аранын калган бөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, быйыл кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы аныкталды. Калган 15 пайызы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Унгар-Тоо — талаштуу аймактардын бири. Бул жерде «Кыргызтелекомдун» станциясы жайгашкан. 2016-жылдын март айында Өзбекстан тарап станцияны аскерлери менен курчоого алган. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин гана станциянын кызматкерлерине кенен кирип-чыгып, иштөөгө уруксат берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18