17:23, 20 ноября 2017, 24.kg

Түркияда «гүленчилер» менен байланышы үчүн түркмөн жараны соттолууда

Түркиянын Кырыкларели шаарында диний ишмер Фетхуллах Гүлендин жолун жолдоочулар делген 10 кишинин үстүнөн соттук териштирүү жүрүүдө. Айыпталуучулар негизинен сот органдарынын жана түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери. Алар Юстиция министрлигинин мамлекеттик түзүмдөрүндө жашыруун түйүн уюштурууга айыпталышууда.

Түрк басылмалары маалымдагандай, айыпталуучулардын арасында Түркмөнстан жараны Ыгтыяр Аннаев дагы бар. Алар жашыруун баарлашуу үчүн Bylock социалдык платформасын түзүшкөн деп айтылууда.

Түркмөн жараны Аннаев «гүленчилерге» таандык жатаканалардын биринде тарбиялоочу болуп иштегени жана Bylock байланыш түйүнүн колдонгону үчүн айыпталууда.

Анкара АКШда бозгунда жашаган динаятчы Фетхулла Гүленди 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракети артында турат деп айыптап келет. Гүлен өзү ага эч бир тишеси жоктугун билдирип, түрк бийликтеринин дооматтарын четке каккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18