15:22, 20 ноября 2017, 24.kg

Атамбаев: Жээнбеков туура эмес жолго түшсө, ал өзүнүн шору

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго ишенерин жана ал туура иш алып барарын бүгүнкү жыйынтоочу маалымат жыйынында айтты.

Президенттин айтымында, ал Сооронбай Жээнбеков экөө 23 жылдан бери дос.

«Бул арада канча достор сатып кетти. А Сооронбай Жээнбеков дайым жанымда болду. Андыктан, ал сатпайт деп ишенем. Ага кеңеш берүүнүн деле кереги жок. Менин жанымда жүрүп, ой-пикирлеримди, пландарымды билет» — деди Алмазбек Атамбаев.

Өлкө башчысы жаңы президенттин жакындары мамлекеттик ишке аралашпастыгына дагы ишенет.

«Сооронбай Шарипович, өкмөттү жетектөөгө келгенде биринчилерден болуп Кантөрө Жээнбековду кызматтан алды. Ал эми Жусупбек Шариповду мурда эле башка элчиликке которуу сунушталган. Анткени, ага карата сындар айтылып баштаган. Туугандары бийликке аралашпайт деп ойлойм. Сооронбай Жээнбеков туура эмес жолго барса, ал өзүнүн шору» — деди Атамбаев.

Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда кызматка киришет. Ал 55,77 пайыз добуш менен утуп чыкты. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18