14:38, 20 ноября 2017, 24.kg

Оппозиция 15-октябрдан кийин курал сатып алып, митингге даярданган

Оппозиция 15-октябрдагы шайлоодон утулуп калса, митинг өткөрүүгө даярданган. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, оппозиция курал-жарак сатып алып, олуттуу чараларды көргөн. 

«Анан биз эмне кылышыбыз керек эле? Карап олтурушубуз керек беле? Канат Исаевдин эмнеге, кандай даярдыктарды көргөндүгү боюнча, видео гана эмес, документтер дагы бар. Мына ушундай улам ал азыр абакта олтурат» - деди Алмазбек Атамбаев.

Эскерте кетсек, Канат Исаев 30-сентябрда массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен алмаштырууга даярдануу айыбы менен кармалган. Анын бул боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү жана акча берип жатканы видео тасмага тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18