14:21, 17 ноября 2017, 24.kg

«Акылдуу шаар» доолборун Huawei компаниясы ишке ашырышы мүмкүн

«Акылдуу шаар» доолборун Huawei компаниясы ишке ашырышы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Байланыш жана маалымат технологиялары мамлекеттик комитетинин башчысы Нурбек Абасканов билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор боюнча бир катар ишканалар менен сүйлөшүү жүрүүдө.

«Бирок, Huawei ишканасы менен активдүү баарлашуудабыз. Акыркы чечим кабыл алына элек», — деди Нурбек Абасканов.

«24.kg» агенттигине Huawei ишканасы менен иштешүү чечими кабыл алынгандыгы, ал жакын арада жарыяланары белгилүү болду.

Эскерте кетсек, премьер-министр Сапар Исаков буга чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун ордуна, «Акылдуу шаар» долбоору ишке ашарын билдирген. Долбоор «Таза коом» программасына дагы киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18