12:17, 17 ноября 2017, 24.kg

2017-жылдын алты айында Россияда кыргыз мигранттары 1,5 миңдей кылмыш жасады

2017-жылдын алты айында Россияда кыргыз мигранттары 1 миң 419 кылмыш жасады. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Яна Шарахова билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы кыргыз мигранттары тарабынан жасалган кылмыштардын саны 7,6 пайызга кыскарды.

«Кыргыз мигранттары аралашкан кылмыштардын 85и экономикалык, 55и маң затка байланышкан, 11 террордук акт жана талап-тоноо» — деди Яна Шарахова.

Анын билдирүүсүндө, Кыргызстандын жарандары жасаган кылмыштар Россияда иштеген мигранттар тарабынан катталган мыйзам бузуунун 6,7 пайызын түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18