Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
11:00, 17 ноября 2017, 24.kg

Текебаевдин жактоочусунун маянасы камоого алынды

«Ата-Мекен» партиясынын жактоочусу Таалайгүл Токтокунованын айлык акысы камоого алынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ал өзү билдирди.

Анын айтымында, Октябрь райондук соту Кубатбек Абазовдун чечиминин негизинде анын банктагы эсеби камооого алынды.

«Менин айлык акым банктагы эсебиме которулуп турат. Банктан бүгүн акчамды ала алган жокмун. Алар мага соттун токтомун көрсөтүштү. Мен үйдө жалгыз акча тапкан кишимин. Эми менин балдарым ачка калат. Соттун менин маянамды камоого акысы жок», — дейт Таалайгүл Токтакунова.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун «Ата-Мекен» партиясынын жактоочуларына карата чыгарылган өкүмүн күчүндө калтырды. Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргон Таалайгүл Токтокунова менен Канатбек Азизди сотко берген. Райондук сот жактоочуларды 10 миллион сомго жыккан. Таалайгүл Токтокунованын мүлкү дагы камоодо.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18