12:34, 15 ноября 2017, 24.kg

Атамбаев өкмөткө Кытай менен темир жол долбоорун жандантууну сунуштады

Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан менен темир жол долбоорун жандантууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. 

Ал Өзбекстан менен биргеликте насыя алып, Кытай менен темир жол курулушун баштоо зарылдыгын белгиледи. 

«Насыя алып, Кашгар-Ош-Ташкент жолун башташ керек», — деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев Кытай Кыргызстандын айыл-чарба товарларына муктаждыгын белгиледи.

«Мен Кытай башчысы менен сүйлөшкөн кезде дагы ал Кыргызстандын экологиялык таза айыл-чарба товарлары керектигин айткан. Биздин ЕАЭБке жолубуз бөгөлгөндөн кийин Кытайга жана Өзбекстанга көңүлүбүздү бурушубуз керек» - деди ал. 

Эскерте кетсек, Кашгар-Ош-Ташкент темир жолунун курулушу активдүү талкууланып, кийин белгисиз себептерден улам токтотулган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18