12:09, 15 ноября 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев эч кимден кечирим сурабайт

Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевден кечирим сурабайт. Бул тууралуу ал бүгүн Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү боюнча улуттук кеңешинде билдирди.

Мамлекет башчысы 2014-жылы Өзбекстан газды өчүргөнүн эстеди.

«Коңшу өлкөнүн карыган президентинин айынан өлкөнүн түштүгү газсыз калган. Ошондо жөнөкөй жарандар менен жолуккан кезде, алар өлкөнүн эгемендүүлүгү баарынан өйдө экендигин айтышкан. Ошолор мекендин чыныгы патриоттору. Ал кезде парламентте болсо, Атамбаев барып, диктатордон кечирим сурасын деген сөздөр айтылган», —деди Алмазбек Атамбаев.

Ал Кыргызстан көз-карандысыздыгын сактап, эч кимге өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүсүнө жол бербестигин белгиледи.

«Кечиримди Атамбаев эмес, башка өлкөнүн ички ишине аралашып, өз кишисин президентикке коюуга аракеттенген адамды коюуга аракеттенген адамдар сурасың» — деди ал.

Алмазбек Атамбаев 2010-жылы дагы Кыргызстандын жолу буулуп калгандыгын, анда кырдаалдан чыдамдуулук менен чыккандыгын, бул жолу дагы жол табыларына ишеним артты. 

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18