11:06, 15 ноября 2017, 24.kg

Жыл башынан бери 603 кишиден ВИЧ аныкталды

Кыргызстанда ВИЧ илдетин аныктаган 46 лаборатория бар. Бул тууралуу «СПИД» республикалык борбору маалымдады.

Алардын маалыматында, 1-ноябрга карата ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны 7 миң 804гө жетти. Ал эми 916 кишиде СПИД дарты бар.

Жыл башынан бери 603 кишиден ВИЧ аныкталды. Анын 359у эркек, 244ү аял. Алардын эң көбү Чүй облусунда (231), Бишкекте (108) жана Жалал-Абадда (106) жашайт. Эң азы Нарын (26), Баткенде (21) жана Таласта (12).

«СПИД» республикалык борборунун маалыматында, ВИЧти жугузуунун жолдору өзгөрдү. 2010-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жыныстык катнашта жуктургандардын саны 33 пайыздан 56,2 пайызга өстү.

ВИЧ жуктургандар 20-39 курактагылар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18