12:54, 14 ноября 2017, 24.kg

Өмүрбек Бабанов саламаттыгы мыкты экендигин билдирди

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов ден-соолугу жана фракция лидерлигинен кеткендигин себебин түшүндүрүп билдирүү жасады.

Ал саламаттыгы начарлагандыгы жана инсулть алгандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, «бул ушак» дейт.

«Мен чет өлкөдө дарыланып жатам. Бирок ден-соолугум жакшы. Сиздер менен бирге Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн күрөштү улантам. Парламенттеги «Республика-Ата-Журт» фракциясы штаттык режимде иштеп жатат. Фракциянын ишинин жигердүүлүгү үчүн лидерликтен кетип жатам» — дейт ал.

«24.kg» агенттигинин маалыматында, Өмүрбек Бабанов учурда Чехиядагы Карлова Вары курортунда дарыланууда.

Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго каршы конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу кылмыш ишин козгогон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18