11:55, 14 ноября 2017, 24.kg

Исфанада жол кырсыгында үч адам мерт болду

Бүгүн эртең менен Исфана-Баткен жолунда Тогуз Булак айылында Honda Stepwgn менен «Жигули» унаасы кагышып, үч киши жайында мерт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Лейлек райондук оорукананын башкы даарыгеринин орун басары Айбек Хайдаровдун айтымында, сегиз киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. 

«Анын төртөө оор абалда реанимацияда. Төртөөнүн абалы туруктуу» - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ Ысык-Көлдө эки жол кырсыгы катталып, анда төрт киши набыт болду. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18