Анастасия МОКРЕНКО
10:08, 14 ноября 2017, 24.kg

2018-жылы казак туристтеринин саны азайышы мүмкүн

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал жана эки өлкөнүн алакасынын солгундашы туристтик тармакка сокку урат. Бул тууралуу Казакстандын туристтик ассоциацияснынын башчысы Рашида Шайкенова 365info.kz порталына билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын туроператорлору акыркы жылдары Ысык-Көлгө жолдомо сатуу менен жакшы иштеп жатышкан. Эми кырдаал кескин өзгөрүшү мүмкүн.

«Мындан бир нече жыл мурда Кыргызстандын саясый окуялардан кийин Ысык-Көлгө туристтер барбай калган. Эмки жылы дагы Кыргызстанда эс алууну каалагандардын саны азайышы мүмкүн. Тажрыйба көрсөткөндөй, расмий мамилелер тез жанданганы менен туристтик агым дароо эле көбөйбөйт», — дейт Рашида Шайкенова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18