12:14, 13 ноября 2017, 24.kg

«Сентябрь» телеканалы райондук соттун чечимине даттанып Жогорку сотко кайрылды

«Сентябрь» телеканалы Бишкек шаарынын Биринчи райондук соттун чечимине даттанып Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу телеканалдан маалымдашты. 

Эскерте кетсек, августта Башкы прокуратуранын доосу канааттандырып, Биринчи май райондук соту «Сентябрды» жабуу чечимин кабыл алган. 

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдакы жетекчиси Абдылда Капаровдун «Жалал-Абад Сентябрь» телеканалына 2016-жылдын 29-сентябрында чыккан билдирүүсүн экстремисттик деп таап сотко кайрылган. Ал анда Араван районунда бир мектептин ачылышында Өзбекстандын гимни ойнолгондугуна сын айткан. Андан сырткары, маегинде Абдылда Капаров «Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков 2010-жылы июнь окуяларын турукташтыруу үчүн 3 миллион доллар бөлгөн»- деп айткан.

Бүл сөзү үчүн Абдылда Капаров 4 жылга эркинен ажыратылып, учурда Нарын шаарындагы түрмөдө мөөнөтүн өтөөдө.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18