Татьяна КУДРЯВЦЕВА
11:25, 09 ноября 2017, 24.kg

2017-жылы Бишкекте жол кырсыктарынын саны 81 пайызга өстү

2017-жылдын он айында Бишкекте 1 миң 840 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 81 пайызга көп экендигин маалымат жыйында ИИМдин жол кайгуул кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын маалыматында, өлкө боюнча катталган 5 миң 197 жол кырсыгында 695 киши мерт болду. Анын ичинен Бишкек шаарында эле 57 киши көз жумду. Өткөн жылы Бишкекте жолдо 93 киши набыт болгон. Жабыркагандардын саны өлкө боюнча 6,5 пайызга, ордо каалада 69,9 пайызга көбөйдү.

«Кыргызстанда 2013-жылы эң көп жол кырсыгы катталган. 2014-жылы айып пул көбөйгөндөн кийин кырдаал турукташа түштү. Азыр дагы Административдик кодекске өзгөртүү киргизип, айып пулду көбөйтүүнү сунуштайбыз», — деди Ыманалы Саркулов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18