09:16, 08 ноября 2017, 24.kg

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен уунадагы айдоочу жана 6 жаштагы уулу набыт болду

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен уунадагы айдоочу жана 6 жаштагы уулу набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматта кечээ, түнү 21:00 чамасында ГЭС-5 жана Жер-Казар айылдарынын ортосунда Чоң-Чүй каналына мамлекеттик № Е 60-20 S «ПЕЖО» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги боюнча кабар түшкөндүгү айтылат.

Куткаруучулар келгенге чейин айдоочунун жубайы (1977-жылы туулган Т. Р.),  уулу (1999-жылы туулган Т. И.) жана кызы (2012-жылы туулган Т. А.) эч кандай жаракат алышпай, унаадан өздөрү чыгып кетишти. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 1975-жылы туулган Т.Т. жана уулу 2011-жылы туулган Т.Н. окуя болгон жерде каза болду. Куткаруучулар унааны суудан чыгарышып, унаанын ичиндеги каза болгон адамдардын жансыз денелерин ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18