09:07, 08 ноября 2017, 24.kg

Казак аткаминерлери офшордогу байлыктарын четке кагышууда

Казакстандын Коргонуу жана аэрокосмос өнөр жай министри Бейбит Атамкулов менен "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Сауат Мынбаев офшордук түзүмдөр менен байланышта жана салык төлөбөй жүрөт деген маалыматтарды төгүндөштү.

Атамкулов менен Мынбаевди офшордон Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (International Consortium of Investigative Journalists, ICIJ) тапкан. Атамкуловдун Мальтада катталган Centraz Finance Ltd компаниясы 1998-жылы негизделген. Каттоодогу маалыматтар боюнча ал шарап өндүрүү жана сатуу иштери менен алектенет.

Атамкулов Centraz Finance Ltd 1998-жылы түзүлгөнүн тастыктады. “Эл аралык инвестицияларды Казакстанга тартуу иши болгон. Бирок Орусиядагы каржы каатчылыгына байланыштуу тенге арзандап, компанияны жабууга туура келген”, -деп түшүндүрдү ал. Атамкулов мамлекеттик кызматка келгенге чейин жетекчиликтин курамынан чыгып кеткенин кошумчалады.

"Бул долбоордон чыкканым тууралуу өнөктөштөргө кат жолдогом. Бирок ал өтүнүчүм тиешелүү деңгээлде документтештирилбептир. Мен дагы бул тууралуу кечээ эле уктум. 1998-жылдан бери бул компания бар экенин билген эмесмин", - деди министр.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18