09:05, 08 ноября 2017, 24.kg

Бүгүн Бишкекте мөңгүлөрдү коргоо митинги өтөт

Бүгүн Бишкекте мөңгү каптаган тоолордогу кен байлыктарды иштетүүгө уруксат берүүгө каршы митинг өтөт.

Уюштуруучулар Жогорку Кеңештин Суу кодексине өзгөртүүсүнө каршы пикирин билдиришмекчи. Алар президенттен бул мыйзам долбоорго вето коюуну суранышат.

«Мыйзам долбоор мөңгүлөрдү жок кылууга алып келет. «Кумтөр» кени азыр эле эки мөңгүнү жок кылды. Анын чыгымын төлөөнүн ордуна алтын иштеткен ишкана эми бул мыйзамды көтөрүп жатат», — дейт «Биздин укук» фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева.

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоордо алтын казып алган ишканаларга «өзгөчө учурда гана мөңгүлөрдү бузууга уруксат берилет» деп айтылат. Мөңгүгө аз зыян келтирилген учурда гана бюджетти түзүүчү ишканаларга, ири салык төлөөчүлөргө өкмөт эксперттик топтун бүтүмү менен гана макулдук берет. Долбоор «Кумтөргө» Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүндө кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол ачат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18