14:50, 03 ноября 2017, 24.kg

Таласта митингте облустук администрацияны басып алуу талаптары айтылды

Талас шаарында өтүп жаткан митингде облустук администрацияны басып алуу талаптары айтылды. Митингдин катышуучусу жергиликтүү бийлик Бишкектин буйругун аткарып жаткандыгын айтып, кызмат ордун басып алууну сунуштады.

Ага каршы Таластын тургуну митингди Бишкекте улантууга чакырды.

«Өз жерибизди талкалап акмак белек? Бишкекке барып, маселени ошол жерде чечели»- деди ал.

Митингде Бишкекте курултай өткөрүү сунушталууда. Ага баардык аймактын тургундарын чакыруу зарылдыгы айтылды. Бирок, курултайды өткөрүү күнү так белгиленген жок. 9-ноябрь, же 13-ноябрь деп талашышууда. 

«Бүт Кыргызстанды көтөрүш керек» — дешти митингчилер.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18