11:21, 03 ноября 2017, 24.kg

Бишкекте Казакстандын элчилигин алдында митинг өттү

Photo 48329

Бишкекте Казакстандын элчилигин алдында митинг өттү. Уюштуруучулардын бири укук коргоочу Турсунбек Акундун билдирүүсүндө, алар Казакстандан тез арада чек араны ачууну талап кылышты. Болбосо жарандык активисттер Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинен чыгуу маселесин көтөрүп баштайт.

«5-ноябрга чейин чек аранын ачылышын талап кылып жатабыз. Бул жерде адам укугу да бузулуп жатат. Өткөндө казак жараны чек арада каза болду. Ал Бишкекте көзү өткөн тууганынын жаназасына келе жаткан экен» — деди укук коргоочу.

Укук коргоочунун айтымында, Казакстан алардын талабын аткарбаса, ЕККУ (ОБСЕ) жана башка эл аралык уюмдарга дагы кайрылат.

Митингчилерге элчиликтин консулу чыгып, кайрылуусун кабыл алды.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек арадан өткөрүүнү текшерүүнү күчөттү. Бул чараны коңшү мамлекеттин өкмөтү кытай товарларынын мыйзамсыз реэкспортуна байланыштырат.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18