10:19, 03 ноября 2017, 24.kg

Кургак учукка чалдыккан бейтаптар менен иштеген медиктердин маянасы көбөйтүлөт

1-ноябрдан тарта кургак учукка чалдыккан бейтаптар менен иштеген медиктердин маянасы көбөйтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.

Министрликтин билдирүүсүндө, азырынча бейтапканада иштеген медайымдардын жана даарыгерлердин айлыгына кошулат. Бирок, мында бейтапты такай көзөмөлгө алып, дартты аныктоодон тарта, аны айыктырууга чейин байкоо жүргүзгөн медициналык кызматкерлер кошумча акы алышат.

Кургак учуктук туруктуу түрүнө 24 миң, сезимтал түрүнө 12 миң сом каралды. Бул акчаны бейтапкананын жетекчиси жана орун басары бир пайыздан, кургак учук бөлмөсүнүн даарыгеры жана медайымы — 5 пайыздан, үй-бүлөлүк даарыгерлердин жетекчиси - 3 пайыздан, үй-бүлөлүк даарыгер — 10 пайыз, үй-бүлөлүк медайым −75 пайыздан бөлүп алышат.

Бир бейтап илдеттен толук айыкса медайым 8 миң сом алат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18