14:44, 02 ноября 2017, 24.kg

Нуржан Шайылдабекова: samara.kg шайлоонун жыйынтыгына таасир бере алмак эмес

samara.kg шайлоонун жыйынтыгына таасир бере алмак эмес. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган интернет баракчанын шайлоо тутумуна эч кандай тиешеси жок.

«Автоматтык түрдө эсептөөнүн жыйынтыгы — бул алдын-ала маалыматтар. Шайлоонун жыйынтыгы бюллютендерди колдоо эсептөөнүн жыйынтыгына таянып чыгарылат. Эки жыйынтыкта тең өзгөчө айырмачылык байкалган жок. Андыктан, шайлоо тутумуна эч кандай тыштан башкаруу, же таасир берүү болгон жок деп айта алам», — деди Нуржан Шайылдабекова.

Президентти шайлоо 15-октябрда өттү. Анда Сооронбай Жээнбеков 54,22 добуш менен утуп чыкты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18