Анастасия БЕНГАРД
12:33, 02 ноября 2017, 24.kg

Темир Сариев: Кыргыз-казак чек арасындагы ахыбалдын таасири жазында да билинет

Photo 48145

«Шайлоодон кийин биз саясый абал турукташат деп ойлогонбуз. Бирок, кайра курчуп кетти», — деп билдирди бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөн кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча тегерек үстөлдө мурдакы премьер-министр Темир Сариев.

Анын айтымында, президент менен өкмөткө тез арада чечүүнү талап кылган бир топ маселелер топтолду.

«Соода жүгүртүүгү азайды. Бизнес чыгымга учурап жатат. Дыйкан-фермерлердин колу байланды. Мигранттарга дагы зыян тийүүдө. Салык аз топтолуп, кыргыз товарлары рыногун жоготууда. Бул чиелешкен маселе чек ара ачылышы менен эле чечилип калбайт. Анын таасирин жазында дагы сезебиз», — деди Темир Сариев.

10-октябрдан бери Казакстан чек арасында көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстанга бара жаткан жана Кыргызстанга келе жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18