11:28, 02 ноября 2017, 24.kg

Нью-Йорктогу терактка айыпталган Сайфулло Саипов Кыргызстанда жашаган эмес

Нью-Йорктогу терактка айыпталган Сайфулло Саипов Кыргызстанда жашаган эмес. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин 10-башкармалыгы жана УКМКнын түштүк облусу боюнча башкармалыгы жокко чыгарат.

Алардын айтымында, Ош шаарында Саиповдордун үй-бүлөсү жашайт. Бирок, алардын Сайфулло менен эч бир туугандык мамилеси жок.

«Айрым маалымат каражаттары Сайфулло Саипов Араванда жана Кара-Сууда жашагандыгын жазып чыгышты. Биз бул райондорду, ал жылдарды текшерип көрдүк. Маалымат такталган жок», — деди УКМК.

Учурда Саиповдун 2004-2005-жылдары Кыргызстанда жашагандыгы текшерилип жатат.

«Ал эч качан Кыргызстандын паспорттун алган эмес жана эч бир район, шаарда каттоодо турган эмес. Азыр 2004-2005-жылдары Кыргызстанда жашоого уруксат алгандыгы жөнүндө маалыматты карап жатабыз» — дейт УКМК.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18