08:59, 02 ноября 2017, 24.kg

Өзбекстанда Каримовдун уулу тууралуу расмий маалыматтар пайда болду

Photo 48115

Өзбекстанда Ислам Каримовдун расмий өмүр баянына өзгөртүүлөр киргизилди. Жакында эле түзүлгөн Ислам Каримов атындагы илимий-агартуу комплексинин сайтында анын эки кызынан башка дагы бир уулу бар экендиги жазылган.

Буга чейин расмий интернет булактарда Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу эч кандай маалыматтар болгон эмес. Автобиографиясында; «үй-бүлөлү, эки кызы жана төрт небереси бар. Жубайы Т. А. Каримова экономист, экономика илимдеринин кандидаты, Өзбекстандын Илимдер академиясынын Экономика институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген. Учурда пенсияда» — деп жазылат.

Kun.uz сайтында Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу мындай деп жазылган: «Википедиянын маалыматы боюнча, Ислам Каримов биринчи жолу өткөн кылымдын 60-жылдары үйлөнгөн. 1969-жылы биринчи жубайы Наталья Кучма экөө Каримов Петр Исламович аттуу уулду болушкан. Кучма 2008-жылы Ташкентте каза болгон. Учурда Петр Каримов Орусиянын Москва облусунда жашайт».

Бирок президенттин расмий өмүр баянында анын биринчи никеси жана уулу тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Кийин Ислам Каримов Татьяна Каримова менен баш кошуп, эки кыздуу болушкан (1972-жылы Гүлнара Каримова, 1978-жылы Лола Каримова).

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Петр Каримов Өзбекстандын Улуттук банкынын туунду бөлүмү эсептелген «Азия-Инвест Банк» башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматында иштеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18